• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Баткен облусунда 2 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 20.09.20. /Кабар/. Өлкө боюнча Баткен облусунда 2 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, акыркы бир күн ичинде 4 медицина кызматкери ооруканалардан айыгып чыгарылган. Ал эми үй карантининен 18 медкызматкер айыгып чыккан.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 3 миң 199 медицина кызматкери коронавирус жуктурса, алардын ичинен 2 миң 801и айыгып чыкты.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 81 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 45 миң 416ны түзөт. Алардын ичинен 41 миң 578 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий