• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өлкө боюнча Бишкек, Ош жана Чүй облустары криминалдуу шаарлар боюнча калууда – ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. Өлкө боюнча Бишкек, Ош жана Чүй облустары криминалдуу шаарлар боюнча калууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ИИМ басма сөз кызматынын башчысы Бакыт Сеитов билдирди.

Анын айтымында, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жеке өзү бардык региондорго барып, абал менен жеринен таанышып келген.

Сеитов билдиргендей, бул тизмеде азырынча Бишкек, Ош жана Чүй облустары алдыда.

“Эң жайылган кылмыштуулук - бул уурулук, мал уурдоо, алдамчылык, тоноочулук, бейбаштык жана зордуктоо. Бирок айта кетүүчү жагдай, зордуктоо боюнча бардык кылмыштардын бети 100% ачылат”,- деди ал.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, жашы жете электерди зордуктоого байланыштуу акыркы окуялар боюнча кызматкерлер жашы жете электер арасында ишти күчөтүп, түшүндүрүү иш-аракеттерин жүргүзүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий