• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өлкө боюнча дезинфекциялоо иштери уланууда - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. Республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 24-июнда өлкө боюнча 14 761 м2 имараттын ичи, 161 760 м2 имараттын сырты, жалпы 176 521 м2 аймак жана 200 820 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 140 куткаруучу тартылган.

Чүй облусунда 420 м2 имараттын ичи, 6700 м2 имараттын сырты жана 88 000 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 464 кг хлор колдонулду;

Нарын облусунда 1350 м2 имараттын ичи, 1238 м2 имараттын сырты жана 13 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 126 кг хлор колдонулду;

Талас облусунда 23 600 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 112 кг хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 8113 м2 имараттын ичи, 3400 м2 имараттын сырты жана 4800 погондук метр авто унаа жолдор дезинфекцияланып, 117 кг хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 1500 м2 имараттын сырты жана 1770 погондук метр авто унаа жолдор дезинфекцияланып, 200 литр суюк хлор колдонулду;

Ош облусунда 1500 м2 имараттын ичи, 113 600 м2 имараттын сырты жана 7000 погодук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 170 кг хлор колдонулду;

Баткен облусунда 1628 м2 имараттын ичи, 6822 м2 имараттын сырты жана 49 150 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 108 литр суюк хлор колдонулду;

Ош шаарында 1750 м2 имараттын ичи, 7800 м2 имараттын сырты жана 4500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 30 литр суюк хлор колдонулду;

Бишкек шаарында 20700 м2 имараттын сырты жана 9 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 56 литр суюк хлор колдонулду.

Белгилей кетсек, залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий