• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өлкө боюнча эң бийик балаты Ош шаарында орнотулду

Аймак 0

Ош, 19.12.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргызстандагы эң бийик балаты орнотулду. Анын бийиктиги 30 метр.

Борбордук аянтты кооздо үчүн 1 млн сом бөлүнгөн. Биринчи жолу борбордук аянтта атайын “Селфи борбор” деген аянтча орнотуу пландалууда, шаар тургундары ал жерде сүрөткө түшө алышат. Андан сырткары, шаардын башка кичи райондорунда балатылар орнотулмакчы.

31-декабрь күнү борбордук аянтта майрамдык иш-чара өткөрүлүп, ар кандай оюн-зооктор уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий