• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкө боюнча калктуу конуштардын 96 пайызы мобилдик интернетке туташтырылган

Коом 0

Бишкек, 07.09.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Өлкө боюнча калктуу конуштардын 96 пайызы мобилдик интернетке туташтырылган. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, калктуу конуштарда 3-4G түйүнү иштөөдө.

"Бул калктын басымдуу бөлүгү интернетке туташа алат дегендик. Ошол эле учурда пандемия мезгилинде интернетти колдонуу трафиги 64 пайызга өстү", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий