• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өлкө боюнча коронавирус жуктургандар үчүн 1 миң 741 орундук даярдалган - өкмөт

COVID - 19 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Өлкө боюнча коронавирус жуктургандар үчүн 1 миң 741 орундук даярдалган. Бул тууралуу вице-премьер-министр Аида Исмаилова брифингде билдирди. Анын маалыматында, Бишкекте 437, Ысык-Көлдө 51, Жалал-Абадда 327, Нарында 125, Баткенде 122, Ошто 500, Чүйдө 99, Таласта 150 орундук бар.

"Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 1 миңден ашык орундукта бейтаптар дарыланууда. Саламаттык сактоо министрлиги Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте орундуктардын санын көбөйтүү боюнча маселени кароодо", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 23-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 3519 учур катталды. Алардын ичинен 604ү медицина кызматкери. Илдеттен 2054 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 41 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий