• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Өлкө боюнча коронавирустан 2 миң 385 адам дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 03.10.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус жана пневмониядан 2 миң 385 бейтап дарыланууда. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Алардын ичинен 999 адам ооруканаларда, 1 миң 386 киши үй шартында дарыланууда.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 128 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 47 миң 184тү түзөт. Алардын ичинен 43 миң 278 киши айыгып чыкты, 1 миң 66 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий