• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өлкө боюнча мыкты обондуу ырлар сынагы жыйынтыкталды – жеңүүчүлөрдүн тизмеси

Коом 0

Бишкек, 24.10.19. /Кабар/. Кыргызстандын композиторлор союзунун 80 жылдык мааракесине карата өлкө боюнча эң мыкты обондуу ырлар сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сынак президент Сооронбай Жээнбековдун "Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү" жылынын алкагында өткөрүлүп, иш-чара министрлик тарабынан уюштурулган.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Атуулдук обондор номинациясы боюнча баш байгени Нурчолпон Улукбек кызы Шайлообек Рашевдин “Кыргыз бата” ыры үчүн алды.

1-орун – Бактыбек Алишеров. “Келечегим - Кыргызстан”. Сөзү: Сарлык уулу Темирландыкы.

2-орун – Туратбек Дүйшеев. “Кел катарга”. Сөзү: Жолдошбек Бусурманкуловдуку.

3-орун – Жумабек Сагынбаев. “Эр Манастын жигиттери кабылан”. Сөзү: Кайырбүбү Чолпонкулованыкы.

Лирикалык обондор номинациясынын баш байгесине Кыялбек Урманбетовдун “Жамийла” (Даниярдын ыры) ырын аткарган Нурканбек Турсунбаев татыды.

1-орун – Нурканбек Турсунбаев. “Жайкы жамгыр”. Сөзү: Мидин Алыбаевдики.

2-орун – Сардарбек Жумалиев. “Тилегим”. Сөзү: Жыпар Исабаеваныкы.

3-орун – Каныкей Эралиева. “Сагындым апа”. Сөзү: Кайырбүбү Чолпонкулованыкы.

Балдар обондору номинациясында Гүлмира Эсенгулованын “Момпосуйдай баламын” ырын Гүлмира Эсенгулова аткарып баш байгенин ээси болду.

1-орун – Камчыбек Букалаев. “Ынтымак ыры”. Сөзү: Миргүл Наралиеваныкы.

2-орун – Тимур Саламатов. “Көпөлөк”. Сөзү: Замира Жантаеваныкы.

3-орун – Нурчолпон Улукбек кызы. “Алтын балалык”. Сөзү: Улукбек Атабаевдики.

Эске салсак, сынакта обондуу ырлардын темасынын жана идеясынын заманга үндөштүгү, бүгүнкү күндүн талабына ылайык коомго байланышкан процесстерди көркөм ырдап-ачып берүүсү жана башка критерийлери менен жеңүүчүлөр тандалган.

Пикир

Оставить комментарий