• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкө боюнча обсервацияларда 1 миң 25 адам жатат – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 12.04.20. /Кабар/. Өлкө боюнча обсервацияларда 1 миң 25 адам жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча обсервацияларга 1 миң 25 адам жайгаштырылган. “Ал эми анализге келип түшкөн үлгүлөрдүн саны 24 миң 885, бүгүнкү күндө 24 миң 356 анализ жасалды. Белгилеп кетчү жагдай, мурда реагенттердин жетишсиздигинен жасалбай калган анализдердин бардыгы бүгүнкү күнгө карата жасалып, такталып чыкты. Бир күндө 1 миң 674 анализ жасалды”, - деп кошумчалады Каратаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 12-апрелге карата коронавирус жуктурган 38 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 377ге жетет. Алардын ичинен 54 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий