• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өлкө боюнча шайлоо тилкелери текшерилип жатат

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 02.10.17 /Кабар/. Мамэкотехинспекция тарабынан “Кыргыз Республикасынын Президенттин шайлоого даярдык көрүүнү жана өткөрүүнү уюштуруу” максатында өлкө боюнча шайлоо тилкелеринде коопсуздук талаптарын камсыздоо боюнча текшерүүлөр жүрүүдө. Бул жаатта Мамэкотехинспекциянын директору Канатбек Муратбековдун шайлоо участкаларында өрт жана энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу максатында буйругу чыгып, Инспекциянын өлкө боюнча түзүмдөрүнө, райондор аралык башкармалыктарына жөнөтүлдү.

Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдиргендей, азыркы учурда инспекторлор тарабынан шайлоо участкаларында өрт жана энергетикалык коопсуздук абалы боюнча текшерүүлөр өткөрүлүп жатат. Жеринде аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча шайлоо участокторунун төрагаларына көрсөтмөлөр тапшырылууда. Ошондой эле өрт жана энергетикалык коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча шайлоо тилкелеринин кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий