• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өлкө боюнча түнкү эмдөө пунктары иштөөдө — Санэпидкөзөмөл борбору

COVID - 19 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Өлкө боюнча түнкү эмдөө пунктары иштөөдө. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун иммунопрофилактика бөлүмүнүн жетекчиси Бурул Асыкбекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жарандарды жапырт эмдөө убактылуу эмдөө пункттарында жүргүзүлүүдө. “Бүгүнкү күндө мындай пункттардын саны көбөйтүлдү. Өлкө боюнча 914 убактылуу эмдөө борбору бар. Анын ичинен 646 пункт мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемелеринде, 10 жеке менчик медициналык борборлордо, 100 жалпы билим берүү уюмдарында, соода түйүндөрүндө жана маданият мекемелеринде 12 пункт, базарларда 31 пункт жана 103 мобилдик топ иштеп жатат”, - деди ал.

Асыкбекова түнкү эмдөө пункттары дагы иштеп жатканын белгиледи. Анын ичинен Бишкекте 3 пункт ачылды: №15 поликлиникада, №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда жана студенттик поликлиникада; Ош шаарында: “Ак Тилек” поликлиникасында, тез жардам кызматында жана шаардык поликлиникада; Ысык-Көл облусунда: Кара-Кол шаарынын медициналык колледжинде, Чолпон-Атадагы шаардык бириккен ооруканасында; Жалал-Абад облусунда: үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда түнкү эмдөө пункту ачылды.

Пикир

Оставить комментарий