• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өлкө боюнча жарандарга акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 25.06.19. /Кабар/. Өлкө боюнча юристтер тобу өлкө жарандарына акысыз юридикалык кеңештерди берет. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Юстиция министрлигинин алдындагы кепилденген мамлекеттик юридикалык жардамды координациялоо борборунун директорунун орун басары Жылдыз Рыскулова билдирди.

Анын айтымында, июнь айынын соңку жекшемби күнүндө Кыргызстанда Юристтер күнү белгиленет. Аны утурлай 26-июнь күнү калк үчүн акысыз укуктук-кеңештик жардам акциясын өткөрүү чечими кабыл алынган.

"Бул иш-чаранын максаты – сот адилеттүүлүгүнө жетүүнү жакшыртуу, калктын укуктук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү. Иш-чарага министрликтин алдындагы кепилденген мамлекеттик юридикалык жардамды координациялоо борборунун кызматкерлери, башка мамлекеттик органдар, Акыйкатчынын аппаратынын өкүлдөрү ж.б. катышат", - деди ал.

Бишкекте иш-чара «Азия Молл» (Ч. Айтматов, 3) «Дордой Плаза» (Ибраимов, 115) соода-эс алуу борборунда жана «Аю Гранд» соода борборунда өтөт (Ч. Валиханов, 2). Убактысы: 11:00 - 20:00.

Акция аймактарда да өтөт:

Чүй облусу (10:00 - 20:00):

Кара-Балта, Рабочая көч. 8; Т. Кожомбердиев көч. 102 (Акысыз юридикалык жардам борбору), Токмок, М. Горький көч. (Борбордук «Булак» базары, башкы эшик).

Ош облусу:

«Корона» соода борбору (Навои көч., 10:00-15:00), Алай районундагы Акысыз юридикалык жардам борбору, Гүлчө айылы, Нарматов көч., Ноокат районундагы Акысыз юридикалык жардам борбору, Ноокат шаары, А. Лутфуллаев көч. (10:00-20:00).

Талас облусу (саат 10:00-20:00):

Борбордук аянт.

Ысык-Көл облусу:

Юстиция башкармалыгынын имараты Тыныстанов көч. 21, Каракол соода үйү Токтогул/Алыбаков көч. (10:00-16:00).

Жалал-Абад облусу:

Жалал-Абад шаарынын Юстиция башкармалыгынын имараты, Кыргыз Республикасы көч. 139-а, Базар-Коргон шаарынын Акысыз юридикалык жардам борбору, Бекмамат Осмонов көч. 126, Жалал-Абад шаарынын Ч. Айтматов аймактык башкармалыгы Токтогул көч. 14, Жалал-Абад шаарынын борбордук бөлүгү (10:00-12:00).

Баткен облусу:

Кадамжай шаары, Орозбеков көч. 1, Акысыз юридикалык жардам борбору (10:00-20:00), Исфана шаары Кошмуратов көч. 46, Акысыз юридикалык жардам борбору, Баткен шаары борбордук аянт (10:00-16:00).

Пикир

Оставить комментарий