• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өлкө боюнча жасалма дем алдыруучу 568 аппарат, 8 миң 328 кычкылтек концентратору бар

Ден соолук 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. Өлкө боюнча жасалма дем алдыруучу 568 аппарат, 8 миң 328 кычкылтек концентратору бар. Бул тууралуу Медициналык жардам жана дары-дармек саясатын уюштуруу башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Нургүл Ибраева брифингде билдирди.

Анын айтымында, Экономика министрлиги менен биргеликте ооруканаларга борборлоштурулган суюк кычкылтек системасы киргизилүүдө.

Ал эми саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев компьютердик томография сатып алуу боюнча тендер жүргүзүлүп жатканын айтат.

"Кыргызстанга 7 томография аппараты келет. Ал жер-жерлерге бөлүштүрүлөт. Ошондой эле Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жана Улуттук госпиталга да жакында компьютердик томография коюлат", - деди Үсөнбаев.

Пикир

Оставить комментарий