• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өлкө боюнча жасалма жол менен уруктандыруу боюнча семинарлар өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 28.06.21. /Кабар/. Кыргызстан боюнча жасалма жол менен уруктандыруунун алдыңкы ыкмаларын үйрөнүү жана колдонуу максатында семинарлар өтүп жатат. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-июнда Чүй облусунун Чүй районунда жана Ош облусунун Кара-Суу районунда ири мүйүздүү малдарды жасалма жол менен уруктандыруунун алдыңкы ыкмалары менен тааныштыруу максатында семинар болуп өттү.

“Семинарда Ош мамлекеттик университети, “ЦАПС” ЖЧК, “МИС-Сүт” ЖЧК жана башка борборлордун адистери өз иш тажрыйбалары менен бөлүшүп, малды жасалма жол менен уруктандыруунун жетишкендиктери боюнча маалымат беришти. Ошондой эле малдарды жасалма жол менен уруктандыруунун алдыңкы ыкмаларын практика жүзүндө көрсөтүштү”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий