• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкөдө 12 өрт катталды. Токтогулда жүк ташуучу унаа 15 тонна өсүмдүк майы менен толук күйгөн

Кырсык 0

Бишкек, 26.11.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутканын ичинде 12 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында 1, Ош облусунда 2, Нарын облусунда 1, Талас облусунда 1, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 4, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 242-243-чакырымында DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа жана 15 тонна өсүмдүк майы толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ош-Папан унаа жолунун 5-чакырымында “ХОА” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын дөңгөлөктөрү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Нарын облусунун Ат-Башы районунда “Ауди” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыналуусунан келип чыккан.

Пикир

Оставить комментарий