• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өлкөдө 2017-жылдагы жайкы туристтик сезонго даярдык боюнча план бекитилди

Коом 0

Бишкек, 27-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасында 2017-жылдагы жайкы туристтик сезонго даярдык боюнча план бекитилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова өткөргөн Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү маселесин координациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынтыгында чечим кабыл алынганын Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Туризм – бул өлкө экономикасындагы приоритеттүү багыттардын бири болуп саналат. Биздин өлкөнүн туристтик мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, бул тармакты өнүктүрүп, эс алуучуларга сапаттуу жана мыкты тейлөө көрсөтүүбүз керек. Акыркы кезде бул багытта көп иштер аткарылды, алдыда дагы ишке ашыра турган бир нече пландар бар», – деди ал.

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова туризм индустриясы жыл сайын жакшырып жатканын кошумчалады.

«Биз жайкысын Ысык-Көлдөгү туризмге гана басым жасабастан, экстремалдык, спорттук, маданий-таануучулук, ден-соолукту чыңдоочу багыттары туризм тармагын өнүктүрүүнүн үстүнөн иштейли. Бул багытта жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тур операторлор менен бирге активдүү иш алып барышы керек. Аны менен бирге жакынкы өлкөлөрдөн жана алыскы чет мамлекеттерден туристтерди тартуунун үстүнөн иш алып баруу зарыл. Азыркы тапта өлкөгө келип жаткан туристтердин агымы биздеги талаптарга жооп бербейт», – деди вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын маданият маалымат жана туризм министринин орун басары, Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкуловдун 2016-2017-жылдарга жайкы жана кышкы туризмдин жыйынтыгы боюнча доклады угулуп, 2017-жылдагы жайкы туристтик созонго карата даярдык тууралуу План бекитилди.

Пикир

Оставить комментарий