• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Өлкөдө 2020-жылы 7 жаран жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алган

Коом 0

Бишкек, 21.01.21. /Кабар/. 2020-жылы 7 жаран жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алышкан. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын ичинде КР Юстиция министрлигинин алдындагы Жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензия алууга талапкер адамдардан квалификациялык экзамен кабыл алуу боюнча квалификациялык комиссиясы тарабынан 5 отурум өткөрүлгөн.

Арыздарды кароонун жыйынтыгы боюнча:

- 44 талапкер алты айлык такшалмадан өтүүгө жөнөтүлгөн;

- 32 талапкерге алты айлык такшалмадан өтүүгө уруксат берүүдөн баш тартылган;

- 22 талапкердин такшалмага жөнөтүү жөнүндө арыздары кошумча материалдарды сурап алуу үчүн кийинкиге калтырылган;

- 40 талапкерге квалификациялык экзаменди тапшырууга уруксат берилген;

- 25 талапкерге квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат берүүдөн баш тартылган;

- 21 талапкердин квалификациялык экзамен тапшырууга уруксат сураган арыздары кошумча материалдарды сурап алуу үчүн кийинкиге калтырылган;

- 3 талапкер квалификациялык экзаменди ийгиликтүү тапшырышган;

- 4 талапкерге «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин негизинде (экзамен тапшыруусуз) лицензия берилген (Мамлекеттик нотариус катары 5 жылдан кем эмес иштеген адамдар квалификациялык экзамен тапшырбастан, «Нотариат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык квалификациялык комиссиянын чечиминин негизинде жеке нотариалдык аракеттерди жүргүзүү укугуна лицензия алышат.);

- 16 талапкер квалификациялык экзаменди тапшыра алган эмес.

Жалпы 2020-жылы бардыгы 7 лицензия берилген.

Ошону менен бирге 2020-жылы жеке нотариустарга карата Юстиция министрлигинин төмөнкү буйруктары чыгарылды:

- 18 - жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө;

- 10 - жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензиянын колдонулушун жандандыруу жөнүндө;

- 2 - жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө;

- 13 - жеке нотариат ишин жүргүзүү укугуна лицензияны кайра алуу жөнүндө;

- 31 - жеке нотариалдык иш жүргүзүүгө укук берген лицензияны узартуу жөнүндө.

Азыркы учурда жеке нотариустардын мамлекеттик реестринде 811 жеке нотариуска лицензия берилди жана катталган, алардын ичинен иштеп жаткан 328 нотариус. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы боюнча жалпы 79 мамлекеттик нотариус бар.

Пикир

Оставить комментарий