• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкөдө 2023-жылга чейин экономиканы өнүктүрүүгө багытталган ири улуттук долбоорлор ишке ашырылат – президент

Президент 0


Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. Кыргызстанда 2023-жылга чейин өлкөнүн экономикалык потенциалын жогорулатууга багытталган ири улуттук долбоорлор ишке ашырылат, - деп билдирди президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте өтүп жаткан донордук конференцияда.

Ал билдиргендей, энергетика тармагындагы негизги максатыбыз — биздин гидроэнергетикалык ири потенциалыбызды колдонуу менен өлкөнүн электр энергияга болгон ички муктаждыктарын жабуу жана башка өлкөлөргө экспорттоо.

“CASA-1000 долбоорун натыйжалуу аткаруу — өлкөнүн Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекеттерге болгон экспорттук дараметин бир далай жогорулатат. Бизге иштеп жаткан гидроэнергетикалык объекттерди масштабдуу реконструкциялоо жана жаңыларын куруу милдети турат. Алардын ичине Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Жогорку Нарын ГЭСтеринин каскады, Казарман ГЭСтеринин каскады кирет. Бул иштерди аткаруу үчүн 4,5 млрд доллар талап кылынат”, - деди ал.

Ошондой эле президент белгилегендей, бул долбоорлорду ишке ашырууда энергетика тармагында объектилерди куруу жана жаңы технологияларды тартуу боюнча тажрыйбасы бар эл аралык финансы институттарынын ролу абдан маанилүү.

“Андан тышкары эл аралык институттарды бизге чакан ГЭСтерди курууга инвестицияларды тартуу боюнча иштерди жүргүзүүгө чакырам. Жашыл энергетиканы өнүктүрүү — биз үчүн жаңы, бирок абдан зарыл багыт. Ошондуктан өнөктөштөрүбүздүн колдоосуна муктажбыз”, - деп баса белгиледи өлкө башчысы.

Пикир

Оставить комментарий