• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкөдө 284 миңден ашуун тобокел тобундагы адам сасык тумоого каршы эмделди

Ден соолук 0

Бишкек, 15.12.20. /Кабар/. КР Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам маалыматына ылайык, сасык тумоонун катталышы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 эсеге төмөн. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, профилактикалык эмдөө үчүн 900 миңден ашуун адам аныкталган.

«Планга ылайык 1-2-этапта сентябрдан ноябрга чейин тобокел тобундагы 284 188 адам сасык тумоого каршы эмдөө алган. 3-этапта декабрь айынын башында сасык тумоого каршы дагы 550 миң доза вакцина алынган. Учурда вакцина бардык район-шаарларга бөлүштүрүлүп берилген. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарындагы жана Бишкек шаарындагы тобокел тобуна кирген адамдар арасында эмдөө жүрүп жатат", - деп белгиледи Үсөнбаев.

Пикир

Оставить комментарий