• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өлкөдө 5-июндан тарта бала бакчалар иштей баштайт - Боронов

Коом 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Өлкөдө 5-июндан тарта бала бакчалар иштей баштайт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, мектепке чейинки билим берүү мекемелердин иштеши атайын текшерүүдөн өткөндөн кийин башталат. “Маселен, мэрия жана тийиштүү органдардын кызматкерлери тарабынан мектепке чейинки билим берүү мекемелери атайын текшерүүдөн өткөрүлүп, андан соң гана ачууга уруксат берилет”, - деди Боронов.

Ал кошумчалагандай, балдардын саламаттыгын сактоо максатында бардык аракеттер көрүлөт. “Бала бакчаларда санитардык-гигиеналык нормалар өзгөчө так сакталышы зарыл”, - деп баса белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий