• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстанда 50 миңдей аттестат кайра оңдолот

Коом 0

Бишкек, 18-июль /Кабар/. Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, быйыл мектепти аяктаган 48 миңдей бүтүрүүчүнүн аттестаты жараксыз болуп калган же тиркемесинде одоно ката кеткен.

Буга байланыштуу Кыргызстандын Билим берүү министрлиги бүтүрүүчүлөрдөн кечирим сурап, жогорку окуу жайларга атайын кат менен кайрылууга аргасыз болду. Кайрылууда абитуриенттердин документтерин тоскоолдуксуз кабыл алуу өтүнүчү келтирилип, каталар эки апта ичинде оңдолору убада кылынган.

Учурда жогорку окуу жайлардын биринин кабыл алуу комиссиясында иштеп жаткан Наргиза Алиева өздөрү кабыл алган факультетке тапшырган аттестаттардын экөө же үчөө гана катасыз жазылса, калганы ката менен келип жатканын ырастап, мындай туура эмес толтурулган аттестат республиканын бардык аймагында кездешип жатканын айтты.

Н.Алиева өлкөнүн Билим берүү министрлиги жогорку окуу жайларга атайын кат менен кайрылып, анын негизинде ката аттестаттар тиркемеси жок кабыл алынып жатканын билдирди.

Быйылкы жылы бүтүрүүчүлөрдүн аттестаттарын жасоону тендерден “Тартип” аталышындагы басмакана утуп алган. Учурда аталган ишкана кетирген каталарын өз эсебинен оңдоп жатат. Быйылкы жылы республика бонча 62 миң окуучу орто мектепти аяктап, аттестатка ээ болгон. Бир аттестаттын наркы канча экендигин тактоо азырынча мүмкүн боло элек.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий