• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкөдө абал туруктуу – министрдин орун басары

Шайлоо 2017 0

Бишкек,15.10.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Саат 13:00гө карата өлкөдөгү абал туруктуу, кандайдыр бир ири мыйзам бузуулар жок. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев жыйында билдирди.

“Майда мыйзам бузуулар бар. Мисалга, Бишкектеги Октябрь районунда бир жаран өзүнүн бюллетенин сүрөткө тартып алган”,-деди ал.

Өз кезегинде Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев техникалык жактан чоң мүчүлүштүктөр жок экендигин билдирди.

“Майда маселелер бар, бирок алар штаттык тартипте 10 мүнөттүн ичинде чечилип жатат. Азыркы учурда Өзгөн районунда мүчүлүштүк бар, бирок ал жакта биздин адис иштеп, маселени чечип жатат. Тилкелерде шайлоо жараянын уланууда”,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий