• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өлкөдө алгачкы жолу “Комуз күнү” белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 10.09.19. /Кабар/. Кечээ, 9- сентябрда алгачкы жолу Т. Сатылганов Кыргыз Улуттук филармониясында “Комуз күнү” белгиленди, - деп билдирет КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы.

Салтанаттуу майрамга музыкалык окуу жайларда билим алып жаткан жаш комузчулардан тартып, залкар комузчу, дастанчы жана ырчылар катышкан.

"Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентинин, Жогорку Кеңештин төрагасынын, премьер –министрдин куттуктоолору окулуп, мындан ары өлкөдө 9- сентябрь “Комуз күнү” катары салтанаттуу майрамдалаары тууралуу айтышты", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, кечээ бул майрамдын алкагында республика боюнча атайын даярдалган иш-чаралар өтүп, комуз күүлөрү жаңырды.

Пикир

Оставить комментарий