• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өлкөдө алимент төлөбөй жүргөндөрдүн сүрөтүн интернетке жарыялоо сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 20.02.19 /Кабар/. Жогорку Кеңеш «Сот аткаруучулардын макамы жөнүндөгү» мыйзамга жана Үй-бүлөлүк кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карайт. Документтин автору — депутат Максат Сабиров.

Мыйзам долбоорунда алимент төлөбөй качып жүргөндөрдүн аты-жөнүн, сүрөтүн интернетте атайын түзүлгөн электрондук маалымат базасына киргизүү, айдоочулук күбөлүгүн алуу жана чет өлкөлөргө чыгуусуна тыюу салуу сунушталган.

Депутаттын айтымында, учурда алимент төлөбөгөндөр бир аз гана айыппул төлөшөт.

«Эгер 70% алимент төлөбөсө, кылмыш иши козголот. Биз айдоочулук күбөлүктөрүн алып, аңчылык кылууга уруксат бербөөнү сунуштап жатабыз. Мындан тышкары алардын аты-жөнүн, сүрөттөрүн интернетке чыгаруу керек», — деди Сабиров.

Сот департаментинин маалыматына караганда, өлкөдө алимент төлөбөй жүргөн жарандардын саны 40 миңден ашык.

Пикир

Оставить комментарий