• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өлкөдө "Атам, апам жана мен, китеп окуйбуз баарыбыз тең" аталышындагы саамалык жарыяланды

Билим 0

Бишкек, 27.03.20. /Кабар/. Өлкөдө "Атам, апам жана мен, китеп окуйбуз баарыбыз тең" аталышындагы саамалык жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, үй-бүлөдө китеп окуу маданиятын калыптандыруу, ата-эне менен баланын мамилесин жакындатуу, үй-бүлөдөгү таалим-тарбия процессин жакшыртуу, ата-эненин баласынын алдындагы жоопкерчилигин арттыруу жана окуучуларды мекенчилдикке, жакшылык жасоого, жардам берүүгө, боорукердикке, ата-энесин сыйлоого, коомго пайдалуу инсан болууга үйрөтүү максатында Билим берүү жана илим министрлиги аталган саамалыкты баштайт.

Китеп окуу саамалыгына ар бир кыргызстандык үй-бүлө катыша алат. Министрлик балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жана ата-энелерге ылайыктуу китептердин тизмесин сунуштайт. Ата-энелер күн сайын балдары менен биргеликте китеп окушат жана окуган китеби боюнча үй-бүлөлүк талкуу уюштурушат.

Окуп бүткөн китебинен алган таасирлери боюнча кыскача эссе жазышат жана аны үй-бүлө мүчөлөрүнө окуп беришет. Андан кийин китептин мазмуну жөнүндө жазган эссенин текстин фейсбук баракчасына #үйдө_китеп_окуйбуз деген хэштег менен жайгаштырышы жана социалдык желелер аркылуу башка жарандарга эстафета катары өткөрүп берүүсү керек.

Саамалыкка активдүү катышкан үй-бүлөлөргө белектер ыйгарылат. Эң активдүү катышкандарга Билим берүү жана илим министрлиги "Окурман үй-бүлө" номинацияларын тапшырат.

Сунуш кылынган китептердин тизмесин бул шилтемеден табууга болот.

Пикир

Оставить комментарий