• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда бир суткада 1357 адам вакцина алып, алардын жалпы саны 13 миң 552ге жетти

COVID - 19 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир суткада 1 миң 357 адам вакцина алса, алардын ичинен 70ине вакцинанын 2-дозасы сайылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, өлкө аймагында жалпы 13 миң 552 адам эмдөөдөн өттү.

Аймактар боюнча алганда:

- Бишкекте – 1 292 адам вакцина алды;
- Ош шаарында – 1 203;
- Чүй облусунда – 1 421;
- Ош облусунда – 4 322;
- Ысык-Көл облусунда – 1107;
- Талас облусунда – 436;
- Нарын облусунда 592;
- Жалал-Абад облусунда – 2 479;
- Баткен облусунда – 700.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Пикир

Оставить комментарий