• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өлкөдө COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абал курчууда – Саламаттык сактоо министрлиги

COVID - 19 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Өлкөдө COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абал курчууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалым болгондой, 18-март күнү Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы 3 учур Сузак районунда катталган. Алар Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык, дарылануу уланууда.

“Эпидемияга каршы иш-чаралар уюштурулуп, кичи ажылыкка барып келгендер жана алар менен жакын байланышта болгондор аныкталган. Сауд Арабиядан келген 142 жаран аныкталып обсервацияга киргизилген. Анын ичинен Жалал-Абадда 48, Ошто 63, Баткенде 8, Бишкекте 19, Чүйдө 4, Нарын жана Ысык-Көлдө бирден адам болгон. Ошондой эле эки адам Өзбекстанга чыгып кеткен”, - деп айтылат маалыматта.

Аны менен бирге, Жалал-Абадда 1414, Ошто 195, Баткенде 526, Чүйдө 84, Кочкордо 8, Бишкекте 65 адам үйдө дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Ноокат районунда 19-мартта коронавирус дагы 3 адамдан аныкталды. Алардын баары аял киши болгон: 67, 71, 77 жашта. Бейтаптар обсервацияга киргизилген. Алар 12-мартта Джидда – Ош каттамы менен келишкен. Учакта 282 адам болгон. Бүгүнкү күндө ал учактагылар менен жакын байланышта болгондордун өздүгүн аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий