• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өлкөдө COVID-19дан каза болгондордун эң жогорку көрсөткүчү Бишкекте катталган – статистика

COVID - 19 0

Бишкек, 17.11.21. /Кабар/. 2021-жылдын январь-сентябрында Кыргызстанда пневмонияга чалдыккан 25 миң учур катталган.

КР Улуттук статистика комитети Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам маалыматына таянып билдиргендей, бул 2020-жылдын тийиштүү мезгилинде 29 миң учур болгон же 15 пайызга аз.

Өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу пневмония оорусуна чалдыгуунун эң көп төмөндөгөнү Баткен облусунда - 2 эсеге, Талас облусунда - 1,6 эсеге, ошондой эле Бишкек шаарында - 1,5 эсеге белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты каттоо жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын 9 айында пневмониядан 442 адам каза болгон, тескерисинче 2020-жылы 1 112 адам же 2,5 эсе аз. Жалпысынан республика боюнча калктын 100 миңине пневмониядан 9 өлүм туура келсе, өткөн жылдын ушул мезгилинде 23 адам каза болду.

Пневмониядан орточо республикалык өлүм көрсөткүчү Чүй облусунда дээрлик 2 эсеге жогору болду, калктын 100 миңине 15 адам каза болгон.

2021-жылдын январь-сентябрында коронавирус инфекциясы менен оорулары боюнча медицина-санитардык мекемелерге кайрылган 36 миңге жакын адам катталган. Кайрылгандардын жалпы санынан эң чоң үлүшү Бишкек шаарына - 44 пайызы, Чүй облусуна - 21 пайызы, Ысык-Көл облусуна - 9 пайызы жана Жалал-Абад облусуна - 8 пайызы туура келди.

2021-жылдын 9 айында ооруканаларга 47 миңге жакын оорулуулар келип түшкөн, алардын эң чоң үлүшү Чүй облусуна – 22 пайыз, Ысык-Көл облусуна – 10 пайыз жана Бишкек шаарына – 9 пайыз туура келди.

Жалпысынан республика боюнча (COVID-19) коронавирус инфекциясынан 2021-жылдын 9 айында 2 миң 214 адам каза болсо, өткөн жылдын тийиштүү мезгилинде 1 миң 476 адам каза болгон, же 1,5 эсе аз. Коронавирус инфекциясынан калктын 100 миңине 44 өлгөн адам туура келди.

Муну менен катар Бишкек шаарында коронавирустук инфекциясынан каза болгондордун республикалык орточо деңгээлден 2 эсе жогору, мында андан 91 адам каза болгон (калктын 100 миңине). Өлүмдүн жогорку көрсөткүчтөрү Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарында да белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий