• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкөдө эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда — Нурболот Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 07.09.20. /Кабар/. Өлкөдө эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөлөрдөгү тажрыйба көрсөткөндөй, беткап тагынуу режими жана социалдык аралыкты сактоо COVID-19 менен күрөшүүнүн негизги ыкмалары болуп эсептелет.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 7-сентябрга карата коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан учурлардын саны 44 миң 458ди түзөт. Алардын ичинен 39 миң 960 киши айыгып чыкты, 1 миң 61 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий