• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу - республикалык штаб

Өкмөт 0

Бишкек, 03.02.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Коронавирустун өлкөгө киришинин алдын алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги отурумун өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, 8-февралга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруу фактысы ырасталган эмес, эпидемиологиялык кырдаал туруктуу. Эпидемиологиясы начар өлкөлөрдөн келген ар бир жаран медициналык кароодон өткөрүлүүдө. Бул Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөтмөсү боюнча, Саламаттык сактоо министрлигинде бекитилген иш-аракеттер жадыбалына ылайык жасалууда.

Министр жыйындын катышуучуларын маалымдагандай, Улуттук вирусологиялык лаборатория изилдөөлөрдү өткөрүүгө даярдалган, ал эл аралык стандарттарга дал келет, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан аккредитациядан өткөн. Улуттук вирусологиялык лабораториянын бардык медициналык кызматкерлери окутуудан өтүшкөн жана ишинде эл аралык стандарттарды карманышат.

Жыйында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканы, профилактикалык зарыл чаралар кабыл алынганы айтылды. Карантиндик аймактар жарандарды кабыл алууга даяр, зарыл болгон бардык керек-жарагы менен байкоо жүргүзүүчү убактылуу имараттар камдалган. Бет каптар, жеке коргоочу каражаттар, респираторлор жетиштүү деңгээлде.

Ошондой эле вирустук инфекциялар, анын ичинде коронавирустун алдын алуу чаралары боюнча калк арасында маалымат берилип, түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлүүдө. Мындай иш-чаралар мектеп, бала бакча, орто жана жогорку окуу жайларында, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында жана башка мекемелерде жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу пункттарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 280 орун даярдалган: «Торугарт» өткөрүү пункттунда – 100 орун, «Иркештам» - 100 орун, «Манас» эл аралык аэропортунда – 50, Ош шаарындагы аэропортто – 30 керебет.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча Алтынай Өмүрбекова бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантуу милденттендирип, бардык алдын алуу чараларынын топтомун так аткаруу зарылдыгын көрсөттү.

Пикир

Оставить комментарий