• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон калууда - Боронов

Коом 0

Бишкек 14.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, стационарларда күн сайын бейтаптар көз жумууда, ошондой эле ооруканаларга кайрылган бейтаптардын саны өсүүдө.

“Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө COVID-19 диагнозу менен 11 миң 538 бейтап катталды. Алардын 3 миң 561и айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Учурда 4 миң 442 жаран дарыланууда, 3 миң 586 адам амбулатордук дарыланууда. Бардыгы болуп өлкө боюнча 151 адам коронавирустан каза болду. Ошондой эле өлкө боюнча 8 миң 15 жарандан пневмония оорусу аныкталды, алардын ичинен 2 миң 972 бейтап айыгып чыкты. Жалпы 497 адам көз жумду. 4 миң 596 адам дарылануусун улантууда. Алардын ичинен 25 адамдын абалы оор”, - деп билдирди Боронов.

Пикир

Оставить комментарий