• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өлкөдөгү бардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору штаттык режимде иштеп жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Өлкөдөгү бардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Министрдин орун басары узатылган суроолорго жооп берип жатып Бишкек шаарындагы №17 Үй-бүлөлүк медициналык борборунан башка ҮМБлар штаттык режимде иштеп жаткандыгын баса белгилеп өттү.

Белгилей кетсек, 21-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы 22 учур аныкталып, өлкө боюнча COVID-19 вирусун жуктуруунун 590 учуру катталды. Алардын 147си медицина кызматкерлери. Стационарда 367 адам, алардын ичинен бешөө реанимацияда жатат. 216 адам айыгып, ооруканадан чыгарылды. Жети адам каза тапты.

Пикир

Оставить комментарий