• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өлкөдөгү башаламандыктан жабыр тарткан ишканалардын чыгымдары эсептелүүдө

Коом 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Өлкөдөгү башаламандыктан жабыр тарткан ишканалардын чыгымдары эсептелүүдө. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Инвестицияларды коргоо агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Нурадил Баясов билдирди.

"Бүгүнкү күндө саясий-экономикалык абал курч болууда. Инвестицияларды коргоо агенттиги өз ишин токтоткон жок. Тилекке каршы, ишкерлердин мүлкүнө кол салуу болду. Ишкер, инвестициялардын ким экендигин түшүнүшүбүз керек. Инвестиция - экономиканын туруктуулугун камсыздап турган күч. Мекендештер ишкер, инвесторлорго көмөк көрсөтөлү", - дейт ал.

Анын айтымында, бүгүн Инвестицияларды коргоо агенттиги бизнес ассоциациялары менен биргеликте бүгүнкү акыбал талкууланган. "Инвесторлорго кандай жардам бере аларыбыз сүйлөшүлдү. Өлкөдөгү башаламандыктан жабыр тарткан ишканалардын чыгымдары эсептелүүдө. Кыргызстандагы "Жунда", "Жерүй", "Эти Батыр Терексай" жана башка тоо кен ишканасына кол салуу болду", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий