• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өлкөдөгү билим берүү уюмдарына арналган маалымат порталы түзүлдү

Билим 0

Бишкек, 01.07.22. /Кабар/. Билим берүү уюмдары үчүн “Билим” маалымат порталы түзүлдү.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, порталда өлкөнүн бардык билим берүү уюмдары жөнүндө маалымат бир жерге чогултулат.

Билим берүү уюмдары иш-аракеттер, аккредитациялар, бош орундар, байланыш номерлери жөнүндө маалымат баракчасын түзө алышат. Порталды пайдалануу билим берүү уюмдары үчүн акысыз.

Уюмдардын маалыматтары боюнча рейтинг түзүлөт. Бул билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүнүн деңгээлин аныктоого мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий