• 84.8
  • 101.57
  • 1.12

Өлкөдөгү кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылгандарга мыйзамга ылайык катуу чаралар көрүлөт – Урмамбетов

Коом 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Өлкөдөгү кырдаалды ар кандай жолдор менен туруксуздаштырууга аракет кылгандарга мыйзамга ылайык катуу чаралар көрүлөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов билдирди.

Анын айтымында, укук коргоо органдары коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрүүдө.

"Ыкчам штаб түзүлүп, иш-чаралардын планы иштелип чыккан. Өлкөдөгү коомдук-саясий кылдаалды сактоого багытталган мыйзамда көрсөтүлгөн комплекстүү ыкчам алдын алуу чаралары калк жыш жайгашкан жерлерде жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытында да жүргүзүлүүдө", - дейт ал.

Ички иштер министрлиги өлкөнү туруксуздаштыруу максатында чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзамдын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертет.

"Айрым жарандар WhatsApp жана башка социалдык тармактарда коомдо кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган жалган билдирүүлөрдү таратып жаткандыгын билебиз. Мыйзамсыз аракеттер, чагымчылдык аракеттер бир гана мамлекетке жана коомго зыян алып келбестен, республиканын башка жарандарына дагы коркунучтарды жаратууда. Айрым кызыктар тараптар өзүнүн кызыкчылыгын көздөп, чыр-чатак чыгарууга аракет жасашып, кырдаалды туруксуздаштырууну ойлошууда. Ар бир мыйзамсыз аракеттер үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө туура келет", - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий