• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өлкөдөгү мектеп-интернаттарга гуманитардык жардам берилди

Коом 0

Бишкек, 7-август /Кабар/. Медициналык мекемелер жана мектеп-интернаттар Германиядан келген гуманитардык жардам алышканын ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкөдөгү муктаж болгон социалдык обьектилерге гуманитардык жардам көрсөтүү иш чарасынын алкагында Германиянын Кыргызстандагы элчилиги 2017-жылдын 5-августунда медициналык керек-жарактар, компьютер, принтер жана кийим-кечек жеткирди.

Гуманитардык жардам Германиянын аймагында элчиликтин кызматкерлери жана этникалык кыргыз Якоб Петерстин жардамы менен чогултулган. Ал эми Кыргызстанга Ильяс Мурадовдун жеке каражатына жеткирилген.

Гуманитардык жардам Кара-Суудагы И. Тороев атындагы угуусу начар балдардын жатак мектебине, Нарын облусундагы Кочкор аймактык ооруканасына жана Талас облусуна караштуу Манас районундагы жалпы врачтык практика борборуна жеткирилген.

Элчилик тарабынан ошондой эле, Кыргызстанга маммографиялык жабдыктарды жеткирүүгө көмөк көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий