• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өлкөдөгү объекттердин ремонт жана курулуш иштери үчүн быйыл 1,4 млрд сом бөлүндү – Мамкурулуш

Экономика 0


Бишкек, 28.05.19. /Кабар/. 2019-жылы капиталдык оңдоо жана курулуш иштери үчун республикалык бюджеттен 1 млрд. 478,9 млн. сом бөлүндү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев билдирди.

Анын айтуусунда, ал сумманын ичинен 187 объекттин курулушу үчүн 1068,9 млн. сом бөлүнгөн.

"Анын ичинде - 731,3 млн. сомго 119 билим берүү объектиси, 77 млн. сомго 21 бала бакча, 39,2 млн. сомго 9 саламаттык сактоо объектиси, 32,3 млн. сомго 6 маданий объекти, 66,3 млн. сомго 7 ар кандай объекттер. Андан тышкары, 94 объекттин капиталдык ремонту үчүн 180,3 млн. сом каралган. Анын ичинен - 97,2 млн. сомго 47 мектеп, 20,4 млн. сомго 8 бала бакча, 33,7 млн. сомго 20 саламаттык сактоо объектиси, 5,5 млн. сомго 2 спорткомплекси жана 12,7 млн. сомго ар кандай 8 объекти", - деп билдирди ал.

Бөрүбаев кошумчалагандай, 67 суу менен камсыз кылуу объектисинин курулуш жана ремонт иштери үчүн 200 млн. сом, социалдык объектилерди долбоорлого 10 млн. сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий