• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкөдөгү өзгөчө кырдаал режимин алып салуу мүмкүндүгү маселесин иштеп чыгуу тапшырылды

COVID - 19 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча маалыматтарды берди, учурда абал туруктуу.

Андан соң жыйындын катышуучулары COVID-19га каршы эмдөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат угушту. Калкты эмдөө иштери улантылып жаткандыгы айтылды.

Талкуунун жыйынтыгында Эдил Байсалов Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93 буйругу менен киргизилген өзгөчө кырдаал режимин алып салуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени иштеп чыгууну тапшырды.

Тышкы иштер министрлигине кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын кесип өтүүдө КР жарандарын коронавирустук инфекцияга карай милдеттүү экспресс-тесттен өткөрүүнү жокко чыгаруу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Буга катар президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте калкты COVID-19га каршы эмдөө өнөктүгүн улантуусу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий