• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өлкөдө гепатит жана ВИЧ илдети менен ооругандардын саны өсүүдө

Коом 0

Бишкек, 03.08.18. /Кабар/. Кыргызстанда гепатит А илдети менен ооругандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Анын маалыматына караганда, гепатит илдети менен ооруканага түшкөндөрдүн 90 пайызы гепатит А менен ооругандар.

“Мындай абал билим берүү мекемелериндеги (бала бакча, мектеп) гигиена каражаттарынын жетишсиздигине байланыштуу”, - деди Чолпонбаев.

Ошондой эле ал ВИЧ-илдетин жуктуруп алгандардын саны өсүп жатканын белгилеп өттү. Жыл башынан бери аталган илдетти жуктуруп алган 766 адам аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий