• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өлкөдө кант жетиштүү. Айыл чарба министрлиги жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат

Экономика 0

Бишкек, 27.05.22. /Кабар/. Айыл чарба министрлиги өлкөдө кант жетиштүү экенин маалымдап, жарандарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырат.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, кечээ "Фрунзе" жана "Глобус" гипермаркеттери чекене сатуу үчүн 50 тонна шекер алышты. Шекер ошондой эле кичинекей сатуу пункттарына жеткирилген.

Учурда азык-түлүк текчелерин керектүү көлөмдө шекер менен толтуруу боюнча иш жүрүп жатат.

"Кайыңды-Кант заводу чийки заттын жоктугунан кант өндүрүү боюнча иштерди бир нече күн аткара албагандыгын маалымдайбыз. Бул Россиянын деңиз портундагы чек аранын жабылышына байланыштуу болгон. Бирок маселе чечилип, чийки заттын керектүү көлөмү завод кабыл алынып, кечээтен баштап кант өндүрүлө баштады.

Бүгүн жана эртең бардык дүкөндөр шекер менен камсыз болушат. Эскерте кетсек, канттын кг үчүн 79 сом өлчөмүндөгү социалдык баасы белгиленген, эгер сиз 1 килограммдан ашык сатып алууну пландаштырсаңыз, анда баасы 85 с/кг түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, кантты Кыргызстандын чегинен тышкары экспорттоого убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө токтомдун долбоору демилгеленүүдө. Азыркы учурда мындай чектөө күчүндө, бирок кантты ЕАЭБдин чегинен тышкары чыгарууга болбойт.

Пикир

Оставить комментарий