• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өлкөдө картошка, помидор жана бадыраңдын баасы арзандагандыгы байкалууда

Экономика 0

Бишкек, 16.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын июлунда картошканын чекене баалары республика боюнча орточо 1 кг үчүн 41,63 сомду түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, бул мурунку айга салыштырмалуу 19,1 сомго төмөндөгөн. Помидордун баасы 1 кг үчүн 51,13 сом болуп, мурунку айга салыштырмалуу 20,4 пайызга төмөндөгөн, ал эми бадыраңдын баасы 1 кг үчүн 21,35 сом болуп, мурунку айга салыштырмалуу 25,6 пайызга арзандаган.

Муну менен бирге, картошканын эң төмөн баалары Өзгөн (бир кг үчүн 31,98 сом), Баткен (бир кг үчүн 34,75 сом) жана Исфана (бир кг үчүн 35,99 сом) шаарларында белгиленди, ал эми аларга карата максималдуу баалар Бишкек шаарында (бир кг үчүн 43,88 сом), Токтогул шаарында (бир кг үчүн 44,13 сом) жана Чаек айылында (бир кг үчүн 45,60 сом) катталды.

Помидорго Покровка айылында (бир кг үчүн 29,58 сом), Нарын (бир кг үчүн 35,00 сом) жана Кербен (бир кг үчүн 38,06 сом) шаарларында минималдуу чекене баалар катталды. Бадыраңга Токмок (бир кг үчүн 18,79 сом), Талас (бир кг үчүн 19,58 сом) шаарларында минималдуу баалар байкалды.

Пикир

Оставить комментарий