• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өлкөдө коронавирус учурлары катталган жок. 52 адам кароо алдында жатат – Саламаттык сактоо министрлиги

Ден соолук 0

Бишкек, 05.02.20. /Кабар/. 5-февралга карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган учурлар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу.

Бүгүнкү күндө стационарларда 52 адам кароодо жатат. Жашаган жери боюнча 295 киши медициналык кароого алынган. Баарынын абалы туруктуу.

Улуттук вирусологиялык лаборатория текшерүү жүргүзүү үчүн даярдалып, бардык эл аралык талаптарга жооп берет жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан аккредитациядан өткөн. Аталган лабораторияга коронавирус РНКсын аныктоо үчүн 500 тест-система келген. Байкоого алынган бардык жарандар бул тест-система менен текшерүүдөн өтүп, баарында терс жыйынтык чыккан.

Кыргызстандын бардык көзөмөл-өткөрмө жайларында алдын алуу чаралары күчөтүлгөн. Карантиндик зоналар жарандарды кабыл алууга даяр, убактылуу обсервациялык бөлмөлөр түзүлгөн.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөтмөсү боюнча, иш-аракеттердин жадыбалы түзүлгөн. Ага ылайык эпидемиологиялык абал түзүлгөн жерлерден Кыргызстанга келген адамдардын дене табы ченелип, анализ алынып, анализ чыкканча алар карантиндик зонада медициналык кароого алынат.

Кытайдан келген жарандар КРВИ же сасык тумоонун белгилери бар болгон учурда текшерилип, саламаттык сактоо уюмдарына, атайын палаталарга жаткырылып, алар медициналык кароого алынып, тиешелүү дарылануу жүргүзүлүүдө.

Кытайдын Ухань шаарынан келгендер клиникалык белгилер болбогон учурда да милдеттүү түрдө 14 күнгө чейин медициналык кароодон өтүшөт.

Андан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көмөгү менен жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу жайларында 280 орун даярдалган: "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө жайында 100 – орун, "Эркечтам" көзөмөл-өткөрмө жайында – 100 орун; "Манас" эл аралык аэропортунда – 50 орун, "Ош" аэрпортунда – 30 орун.

Пикир

Оставить комментарий