• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өлкөдө коронавирус жуктурган жаңы учурлардын ичинен 36 жарандын жуктуруу шарттары белгисиз - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Өлкөдө коронавирус жуктурган жаңы учурлардын ичинен 36 жарандын жуктуруу шарттары белгисиз. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде коронавирусту 90 жаран жуктурган.

"Анын 12си (13%) сырттан келген, 42си (47%) тастыкталган учурлар менен байланышта болгон жана 36 учурдун (40%) илдетти жуктуруу шарттары белгисиз бойдон калууда", - дейт Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, 17-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2562 учур катталды. Алардын ичинен 495и медицина кызматкери. Илдеттен 1901 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 30 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий