• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өлкөдө коронавирус жуктурган жаңы учурлардын ичинен 59 жарандын жуктуруу шарттары белгисиз - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. Өлкөдө коронавирус жуктурган жаңы учурлардын ичинен 59 жарандын жуктуруу шарттары белгисиз. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, бүгүн өлкөдө 132 жаран илдетке кабылды. "Алардын ичинен 7 (5%) жаран сырттан келген, 66 (50%) адам тастыкталган учурлар менен байланышта болгон жана 59 (45%) кишинин кайдан жуктурганы белгисиз", - дейт Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, 19-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 2789 учур катталды. Алардын ичинен 533ү медицина кызматкери. Илдеттен 1961 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 32 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий