• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өлкөдө коронавирусту аныктоочу 19 лаборатория иштеп жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 07.10.21. /Кабар/. Бүгүнкү күндө республика боюнча COVID-19 коронавирус инфекциясын аныктоочу 19 лаборатория иштөөдө, анын ичинен 13 мамлекеттик, 6 жеке менчик. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамсанэпид көзөмөлдөө департаментинин Лабораториялык тестирлөө борборунун башчысы Айгүл Жумаканова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, коронавирус пандемиясы башталгандан бери жеке менчик лабораториялар жалпы 856 миң 487 ПЧР ыкмасы менен изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн.

“Жеке менчик лабораториялар 2020-жылдын апрель айынан баштап иш алып башташкан, алгачкы болуп Бонецкий/Интелмед лабораториясы кошулган, кийинчерек "АКВАЛАБ", Гемотест, Интермедикал лабораториялары кошулган, ал эми 2021-жылы "АMSBIO" лабораториясы кореялык жабдуулар менен камсыздалынып, эл аралык "Манас" аэропортунун базасында жайгашкан жана ушул эле жылы "Экспресс" лабораториясы дагы кошулган”, - деди ал.

Ошондой эле Жумаканова белгилегендей, республика боюнча Бонецкий лабораториясынын 5, ал эми АКВА лабораториясынын – 8 пункту иштеп атат.

“Жеке менчик лабораториялар былтыркы 2020-жылы 1 ПЧР-изилдөөнү 3 миң сомго чейин жүргүзүп атышкан, ал эми 2021-жылы түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн жыйынтыгында жана тесттердин баасы арзандаганга байланыштуу бааны төмөндөткөнгө макул болушкан. Бүгүнкү күндө Бонецкий лабораториясында 1 ПЧР-анализдин баасы 1690 сомду түзөт, АКВАЛАБ лабораториясында 1700 сом, Гемотестте – 1400 сом түзөт”, - дейт Жумаканова.

Пикир

Оставить комментарий