• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алган бир да учур катталган жок – Коопсуздук кеңешинин катчысы

Коом 0

Бишкек, 27.01.20. /Кабар/. Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алган бир да учур катталган жок. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев "Манас" аэропортундагы санитардык-карантиндик пункттун аталган илдетке байланыштуу алдын алуу иштери менен таанышуу учурунда билдирди.

"КЭРдин аймагында жайылып жаткан илдетти өлкө аймагына келишин алдын алуу боюнча иштер кандай аткарылып жатканы менен таанышуу үчүн "Манас" аэропортуна келдим. Учурда Кыргызстанда илдеттин өлкө аймагына келгени тууралуу бир да факт катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирүүдө. Андан тышкары, 2020-жылдын 1-январынан тарта 22 көзөмөл өткөрмө жайында (Кытай менен чектешкен тилкелердеги көзөмөл өткөрмө жайлардан тышкары, коңшу мамлекеттер менен болгон тилкедеги өткөрмө жайлар) санитардык-карантиндик пункттар иштеп жатат. 23-январдан тарта КЭР менен болгон көзөмөл өткөрмө жайлар жабылган. Ал Кытайдын өзүнүн календары боюнча Жаңы жыл майрамын белгилеши менен байланыштуу болду", - деди ал.

Ал белгилегендей, өлкөдө атайын ыкчам штаб түзүлүп, ал өлкөдөгү абалды байкоого алууда. Алар саат сайын көзөмөл өткөрмө жайларынан маалымат алып турушат.

"Биздин санитардык-карантиндик кызматтар бул маселеде натыйжалуу иш алып барууда", - деди ал.

Аны менен бирге ал, акыркы күндөрү айрым ММК жана айрыкча социалдык тармактарда Бишкекте жана башка шаарларда ооруну жуктуруп алгандар тууралуу жалган маалымат таратылып жатканын билдирди.

"Коопсуздук кеңешинин катчысы катары расмий түрдө 2020-жылдын 27-январына карата илдет жуктурган бир да факт катталган жок деп айта алам", - деди ал.

"Социалдык тармактарда жалган маалымат таратып, ага биздин бет кап кийген медицина кызматкерлери бейтап адамды алып бара жаткан сүрөттөрүн тиркеп коюуда. Ал маалымат да – жалган. Андагы сүрөттөр чын экени ырас. Бирок ал сүрөттөр өткөн жылы өлкө аймагында өткөрүлгөн окуу-машыгуулардан алынган. Андай окууларды жыл сайын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирге өткөрүп турабыз. Ошол окуулардагы сүрөттөрдү жалган маалыматтар менен кошо берип жаткандыктан биздин жарандар ишенип калууда. Дагы бир ирет айтайын, ал жалган маалымат. Ал эми жалган маалыматтарды тараткандарга, ал үчүн юридикалык жоопкерчилик каралганын эскертип кетейин", - деди ал.

Учурда, Кыргызстанга сырттан учуп келгендерди термографиялык камера менен текшерүү жүргүзүлүүдө. "Манас" аэропортундагы санитардык-карантиндик бөлүмдүн жетекчиси Мирлан Чакиевдун айтымында, учуп келгендер термографиялык камера менен эки ирет текшерилет: биринчиси учактын эшигинин алдында жасалса, экинчиси чек ара көзөмөл залында болот. Эгер термографиялык камера температура болгон адамды байкап калса ал тиешелүү белги берип, үн чыгарат.

"Кокус илдетти жуктуруп алганга күмөндүү адам аныкталса, аны эвакуация кылабыз. Ал үчүн бизде атайын ташуучу биобокс бар. Илдетти жуктуруп алганга күмөндүү адамды санитардык-карантиндик пункттагы өзүнчө атайын бөлмөгө алып барабыз. Андан кийин тиешелүү чаралар көрүлөт", - деди ал.

Ал эми санитардык-карантиндик кызматтын эпидемиолог дарыгери Бактыгүл Ыбышованын айтымында, коронавирустун белгилери курч респиратордук вирустук инфекциядай башталат.

"Адам температура болот, денени калчылдак басат, жүрөк айланат. Бирок ага так толук кандуу диагноз коюш үчүн лабораториялык текшерүү керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий