• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Өлкөдө курч респиратордук вирустук инфекция жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу

Ден соолук 0

Бишкек, 31.12.19. /Кабар/. Өлкө боюнча сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева билдирди.

"Учурда КРВИ жана сасык тумоо менен ооругандардын саны өскөнү менен эпидемиологиялык абал туруктуу. Учурда сыркоологондордун көбү 14 жашка чейинки балдар болуп, алар 74%ды түзүүдө. Былтыркыга салыштырмалуу ооругандардын саны бир аз көбөйгөнү байкалууда", - деди ал.

23-декабрдан 29-декабрга чейин (52-жума) 51-жумага салыштырмалуу КРВИнин 5,5%га өскөнү байкалууда (51-жумалыкта 6 миң 836 учур, 52-жумада 7 миң 208 учур).

Ошондой эле ал сыркоологон адамдар эл арасында жүрүүдөн алыс болуп, дарыгерге кайрылышы керектигин айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий