• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Өлкөдө маанилүү чечимдерди кабыл алууда жаштардын ролу чоң - Абылгазиев

Өкмөт 0

Бишкек, 26.07.19. /Кабар/. Өкмөттүк чечимдерди кабыл алууда Кыргызстандын жаш лидерлеринин ролу чоң. Бул тууралуу КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев “Ала-Арча” резиденциясында өтүп жаткан Кыргызстандын жана Россиянын жаштар лидерлеринин форумунда билдирди.

Премьер белгилегендей, мындай иш-чараларды өткөрүү өкмөт үчүн абдан кубанычтуу жана өзгөчө дем берет.

“Жеке мен үчүн жаштар менен жолугушканда жаңы идеялар, жашоого болгон жаңы көз караш түзүлөт. Алардын жетишкендиктерин көрүп, көйгөйлөрүн укканда ошол маселеге тереңирээк киресин. Бул кандайдыр бир чечимдерди кабыл алууда абдан жардам берет. Силер абдан күчтүүсүңөр, келечекти өзгөртөм дегендердин алдында эч кандай тоскоолдуктар жок. Кыргыз жерине кош келиңиздер, достор”, - деди Абылгазиев.

Ал өзүнүн сөзүндө, эки өлкөнүн делегацияларынын жолугушуулары жакшы салтка айлангандыгын айтты. Буга чейин эле көп иш-чаралар өтүп, аларда жаштардын мүмкүнчулүктөрүн, алар эмнелер менен жолугушушат жана кайсы чөйрөлөрдө өнүгүүнү каалашарын талкуулашкандыгын айтты.

“Маанилүү стратегиялык тапшырмаларды ишке ашырууда жаштар чечүүчү ролду ойноду. Бүгүн талкуулана турган маселелер бир гана Кыргызстан менен Россияда эмес, бүтүндөй дүйнө жүзүндө актуалдуу. Азыр дүйнө жүзү карама-каршылыктын босогосунда турат. Алар: керектөөнүн өсүшү, жашоо шарттын деңгээлинин төмөндүгү, жакырчылык ж.б. Жогорку маалыматтык технологиялардын жетишкендиктери жаратылыш ресурстарын айоосуз колдонууга алып келди. Биз учурдагы экология жана ичүүчү суунун жетишсиздик көйгөйлөрүн моюунубузга алуубуз керек. Бул жагынан алганда, жаштар жана жаштар уюмдары да чечүүчү ролду ойношу керек”, - дейт премьер.

Сөзүнүн аягында ал үч багытта кыймылдоону сунуштады: экономикалык өнүгүү жана санариптешүү процесстерине кошулуу; айлана чөйрөнү жана экологияны коргоо; үй-бүлө баалуулуктарын өнүктүрүү.

Эскерте кетсек, иш-чаранын жүрүшүндө жаштардын ишкерчилиги, ыктыярчылык, туризм, аймактарды жана айыл чарбаны өнүктүрүүдө айыл жаштарынын орду тууралуу талкуу жүрүп, келерки жылга карата жаштар уюмдарынын иш планы иштелип чыгат.

Пикир

Оставить комментарий