• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өлкөдөн жыгачты жана жыгач материалдарын ЕАЭБ бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды

Өкмөт 0

Бишкек, 01.12.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салынды. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

- Кыргыз Республикасынан жыгачты жана жыгач материалдарын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу киргизилсин.

Убактылуу тыюу салуу ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күн өткөндөн кийин киргизилет деп белгиленсин.

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен, Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.

Буга катар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.

Пикир

Оставить комментарий