• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өлкөдө ПЧР-тесттер жетиштүү - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Өлкөдө ПЧР-тесттер жетиштүү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата ПЧР-тест системалары жетиштүү. “40 миңден ашык ПЧР тест запаста турат. Азыркы тапта COVID-19 боюнча тоңдурулган анализдер жок. Бардык алынган анализдер, кечиктирилбестен лабораториялык текшерүүдөн өтүп жатат”, - деди министрдин орун басары.

Үсөнбаев кошумчалагандай, 2020-жылдын 5-апрелинен тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны – 33 262ни түзөт. Ал эми жалпы жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны – 32 974. Сутка ичинде 809 изилдөө жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирус жуктурган 14 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 568ге жетет. Алардын ичинен 201 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 7 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий